Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-марттан 15-мартка чейинки убакыт аралыгында 7600 медициналык тест-система жардам иретинде жөнөтүлгөн.

21-мартта Роспотребнадзор 10 миң адамда аныктоочу тест-система комплектисин сунуштады.

Буга чейин коронавирус илдетин тез арада аныктоочу 5 миң экспресс-тест Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу Кытайдан сатып алынган. Экспресс-тест Финансы министрлигинде ачылган эсепке түшкөн каражатка алынганы айтылды.

Булак: Маралфм