Депутат Мыктыбек Абдылдаев («Бир бол») дүйнөгө тараган вирус эмне үчүн коронавирус деп аталып калганын сурады.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин айтымында, микроскоптук изилдөөдө вирус таажыга окшош экени көрүнгөн, ошондуктан коронавирус деп аталып калды.
«Адам баласында вирустардын баары биологиялык ат менен аталган. Бул вирус саясий ат менен аталып калып жатат. Таажы. Бул вирустандын чокусу эмеспи?», - деп сурады депутат.
Министр: «Андай эмес», - деп жооп берди.
К.Чолпонбаев депутаттын коронавирус кайсы жаныбардан тараганы боюнча суроосуна алгач жылан менен жарганаттын ортосундагы мутация болгон жаныбардан тараганы айтылганын билдирди. Бирок бүгүнкү күндө так маалымат жок, изилденип жатат.
Булак: Баракелде