Өлкөдөгү эпедимиологиялык кырдаалды көзөмөлдөгөн ыкчам штабдын билдирүүсү боюнча, 19-мартка карата Сузак районундагы кырдаал өзгөчө көзөмөл алдында турат. Өзгөчө кырдаалдын алкагында дарыгерлер тарабынан 24 саат бою санитардык-эпидемиологиялык иштер, дезинфекциялык чаралар жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары облуста 2 мобилдик лаборатория иштеп жатат. Ал эми Жалал-Абад облустук ооруканасында 3 жаран коронавирус менен карантинде дарыланып жатса, дагы 3 жаран дене табы жогору болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын коронавируска алынган анализдери терс болуп чыкты.

19-мартка карата Кыргызстандын аймагында коронавирустун жаңы учуру катталган жок.

Кечээ өлкө аймагында коронавирус 3 жарандан чыккан. Сузак районунун 3 тургуну Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан 12-мартта Бишкек аракылуу учуп келишкен.

Коронавирус катталганына байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, үч айыл карантинге алынган. Райондун акими Эрмекбай Омошев маалымдагандай, райондун Благовешенка, Орто-Азия, Бостон айылдарында карантин жарыяланды.

Булак: Баракелде