3 бейтап тең Сауд Арабиядан кичи ажылык сапардан келген Сузак районунун тургундары. Алардын абалы учурда канааттандырарлык экенин саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-марттагы жыйында айтты.

«Бүгүн алардын абалы канааттандырарлык. Дене табы 37,5 болгондор бар. Алар бүгүн толугу менен дарыланып жатат. Бишкек шаары аркылуу Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы аркылуу консультациялар болуп жатат. Бүгүн аларда жөтөл же абалы төмөндөгөн көрүнүштөр жок», - деди министр.

Булак: Баракелде