Коронавирус илдети жайыла баштаганда биздеги эң эле тартыш буюм беткап экендиги көрүнө баштаган. Баасы үч сомдук бир жолу пайдаланылуучу беткаптарды алдым-жуттумдар 5 эсеге чейин кымбат сата башташкан. 
Ушул баасы арзан медициналык каражатты аптекалардан баасы кымбатын да таппай калганбыз. Бул жагдайды туура түшүнгөн АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) жана Дүйнөлүк банк коронавирустан коргонуу үчүн Кыргызстанга атайын медициналык каражаттар түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырган болчу. Бирок ал алты миллион элге жетмек беле.
Бүгүнкү күндө Бишкектеги онкологиялык оорулуу аялдардан куралган “Жашоо үчүн бирге” аттуу чеберкана беткап тигип, сатып жатат. Ишкананын маалыматына караганда, аларга Асыл Мамбеталиев аттуу ишкер керектүү кездеме, жип-шуу сатып берген.
Онкопациенттер тиккен беткап алты кабаттуу. Жууп, кайра колдонууга ылайыктуу. Баасы 15 сом.
Бул беткаптар Бишкектеги айрым дүкөндөрдө, дарыканаларда жана “Coffee” кофеканасында сатылып жатат. Ошондой эле Ошто да медициналык бет кап өндүрүлө баштады, күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
“Монополияга каршы кызматка дары-дармектерге, анын ичинде беткаптардын бааларын көзөмөлдөө боюнча тапшырма берилди. Ошто “Дастан-Юг” ишканасында медициналык беткаптар өндүрүлө баштады. Күнүнө 10 миң беткап чыгарылууда. Айына 400 миң беткап болот. Ал эми жылына дээрлик 10 миллионго жетет. Алардын чыгарган бет каптарынын сапаты бардык талаптарга жооп берет. Башка тигүүчү ишканалар да медициналык беткаптарды чыгарууга сунуштарын айтып жатышат”, – деп айтылат маалыматта.
Ошентип, кымбат дарыларды чыгара албасак да, жок дегенде беткаптарды өндүрүп, бир чети ата мекендик өндүрүшүбүзгө салым кошулууда.

Булак: "Майдан.kg" газетасы