Мындан бир нече күн мурда, тактап айтканда 13-мартта ЖК депутаттары А.Касымалиева, А.Дюшалиев, ошондой эле парламенттин аппаратынын кызматкерлери Европадагы коронавирустун очокторунун бири болгон Германиядан кайтып келишкен болчу.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери (орусча абриеватурасы – ВОЗ) Кытайдан тараган жаңы коронавирус 29 жолу мутацияга учураганын, азыркы тапта ал адамдын организминде эки жумага дейре билинбестен жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун эртеден кечке сайрап жатышкан чагы. Бирок, биздин билермандар жагдайдын ушундай коркунучтуу экендигин билип туруп, Жогорку Кеңештин эрке-талтаң депутаттарын көргөндө сүрдөп кетишкенби, айтор эл катары карантинге жаткызбай, үйлөрүнө ээн-эркин жөнөтүп жиберишкен. Таң каласың да! Дүйнөдө эмне болуп жатат көрүп жатасыздар, бир аз эле шек жаралган айрым мамлекеттердин депутатты мындай кой, президенттери, премьер-министрлери өз каалоосу менен карантинге жатып жатышат. Муну жогорку жарандык жоопкерчилик десе болот. А биздин Минздрав (орусча жазганда кулакка жакшы угулат) дүйнөдөгү коронавирустун чагылгандай тездик менен таркатылып жатканына карабастан саякаттап келген депутаттарга кыргызча мамиле жасап олтурат! Бул бир. Экинчиден, бул депутаттар элди ойлобойбу? Шайлоочунун арты менен депутат болуп жыргап жүрүшөт да. Жоопкерчиликти сезе билүү да чоң касиет. А буларда андай касиет таптакыр жок экен, коронавирус кучагын жайган өлкөдөн келип, үйүнө жатып алуу менен коомчулукту чоң коркунучка тушуктуруп жатышканын билишпейби?! Чынында уяттуу көрүнүш.

“Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да ушул фактыга кейип, “Фейсбукка” төмөнкүдөй пост жарыялады: “Силер ЖКнын кызматкерлери менен кошо коронавирус тездик менен жайылып жаткан биринчи категориядагы өлкөдөн - Германиядан келдиңер.   Анда эмнеге силер үйдөсүңөр да, силердин шайлоочуларыңар ооруканаларда карантинде жатышат? Силер этикетти буздуңар, шайлоочу журтуңарды коркунучка кептедиңер да, бийлигиңерден пайдаланып, үйгө жатып алдыңар! Уяты жоктор!”. К.Ташиевдин бул постун колдоп, учурда көптөгөн соцтармак колдонуучулар да өз пикирлерин жарыялашууда.

К.Ташиев мындан тышкары миллиондогон адамдарды коркунучка тушуктурган бул факты боюнча Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону талап кылууда.

Албетте, депутат айымга ден-соолук тилейбиз. Кудай жамандыктын бетин ары кылсын. Бирок, Кудай да “сактансаң сактайм”- дейт. Эгерде биз депутаттарды Кудайдай көрүп, өзгөчө мамиле жасай берсек, аягы өкүнүчтүү бүтүшү ыктымал!