Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 11-мартта эгиз уулдуу болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурумунда белгилүү болду. Ал жерде Исаковду туугандары куттуктап жатышат.

Буга чейин Сапар Исаков жубайы Малика Арстанбекова менен 4 кыздуу болгон.

2017-жылдын 1-октябрында Исаков төртүнчү кыздуу болуп, жубайы борбордогу төрөт үйлөрдүн биринде көз жарган. Жарык дүйнөгө келген ымыркайдын салмагы — 3,7 кг, бою — 52 см болгон.

С.Исаковдун жубайы Арстанбекова (39 жашта) психолог адистигинин ээси жана илимдин кандидаты даражасына ээ. Алар теледебат учурунда таанышканы айтылат.
2019-жылдын 6-декабрында Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо иштерине байланыштуу С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, О.Артыкбаев, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Назаров, Т.Бримкуловго карата козголгон кылмыш иши боюнча акыркы соттук отурум болгон.

Соттун чечими менен мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун мүлкү конфискацияланып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев 15 жылга, Салайдин Авазов 11 жыл 3 айга, Жантөрө Сатыбалдиев 7 жыл 6 айга кесилген.

Ал эми Осмонбек Артыкбаев сот залынан бошотулуп, ага 5 млн сом, Ольга Лавровага 3 млн сом айып пул салынган. Мындан тышкары Жолдошбек Назаров менен Темирлан Бримкулов жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу сот залынан бошотулушкан.

Булак: Баракелде