Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Исфана шаарындагы 1990-жылы ачылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.
Президент Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун белгилеп, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын жогорку деңгээлде өткөрүлө тургандыгын айтты.
Эске салсак, ушул жылдын январь айында мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.
Булак: Маралфм