Кыргызстанга учуп келген учактардын жүргүнчүлөрүн борттон топловизор менен текшерүү иштери 9-марттан тарта башталды. Бул маалыматты «Манас» эл аралык аэропортунун санитардык-карантиндик пунктунун башчысы Мирлан Чакиев 10-марттагы пресс-турдун жүрүшүндө айтты.
10-мартта саат 19:00дө Алматы–Бишкек каттамы менен 126 адам учуп келген. Аларды тепловизор аркылуу 2 жолу текшерүүдөн өткөрүштү. Биринчи жолку текшерүү учактын ичинде болсо, экинчиси аэропорттун залында жүрдү. Текшерүүдө коронавируска шектүү белгилер табылган жок.
Булак: Кабар