Бүгүн, 9-мартта Кыргызстандагы бардык медициналык мекемелер иштебейт. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 6 күндүк иш күн менен иштейт. «Дарыгерлер жыл башынан бери 1 жолу — 1 январь күнү эс алышкан. Эртең нөөмөтчү дарыгерлер гана иштейт», - деп айтылат маалыматта.

------------------------------------------------------------------

2020-жылдын башындагы бир нече күндү эс алуу күнү деп жарыялоо сунушталып, өкмөт «Эс алуу күндөрүн жылдыруу» боюнча токтом иштеп чыккан.

Мамлекеттик бюджеттен каржыланып, 5 күндүк иш күн менен иштеген мекеме-ишканаларда:

- 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулар күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен 24-февраль дагы эс алуу күнү болот. Бул күн 2-январдагы жумуш күнүнө которулган;

- 8-март — Айымдардын эл аралык күнү эс алуу күнүнө (жекшемби) туш келгендиктен, 9-марттагы эс алуу күнү 3-январдагы жумуш күнүнө которулду;

- 21-март — Нооруз майрамы ишембиге туш келип, 23-марттагы эс алуу күнү 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылган;

- 9-май — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү ишембиге туш келип, 11-майдагы эс алуу күнү 4-майга жылат.

Булак: Баракелде