Учурда профсоюздар федерациясынын төрагасы Асанакунов Мирбекке нааразы болгон профсоюз уюмунун мүчөлөрү ачарчылык жарыялап жаткан кези. Алардын айтымында, Асанакуновдун федерацияга төрага болууга эч кандай моралдык дагы юридикалык дагы укугу жок.

“Кыргызстан” санаториясынын жетекчиси Венера Маймендиева Асанакунов мыйзамсыз эле кызмат ордуна отуруп алгандыгын билдирип, депутат Табалды Тиллаевге кайрылып, “  Сиз бакыйган депутат, аялдарыңарды тарттырып жиберет экенсиңер деп айттыңыз. Ким кимдин аялын сүйрөп кетиптир? Депутат болуп туруп, трибунадан ушул сөздү айтканыңыз туура эмес”,- деп билдирди Венера Маймендиева.
Эскерте кетсек, «Кесиптик бирликтер тууралуу» мыйзамдын аткарылышын иликтеген депутаттык комиссиянын отуруму өтүп, бул тармакта иштеген жетекчилер сынга кабылды.

Комиссиянын төрагасы, депутат Таабалды Тиллаев профсоюз уюмунун жетекчилеринин мыйзам бузууларын айтып жатып, алар кол алдындагылардын үй-бүлөсүнө бүлүк салгандан кайра тартпай калганын билдирди.

«Профсоюз кеңешинин 29 мүчөсүнүн эбегейсиз каржылык мыйзам бузуулары, 30 жылдан бери кызматтан түшпөгөн кадрдык маселелери аныкталды. Эми уялат экенсиң, кол алдындагы кызматкерлерди куугунтуктап, үй-бүлөлүк мааниге чейин түшүптүр да. Мүлк бул жакта турсун, жада калса, аялдарын да тартып алат экенсиңер. Ыйлап келишти «менин аялымды тартып алышты» деп. Ошол эле кишинин күйөөсү бар балдызын да алып алыпсыңар. Мындай учур чет өлкөгө эс алууга чыкканда болот экен. Эми бул айта турган нерсе эмес, бирок коомчулук билиши керек», — деди Тиллаев.

Мындан сырткары, эл өкүлү Кесиптик бирликтерге жылына мамлекеттен 300 миллион сом бөлүнүп, жумушчулардан чогулган акчаны кошкондо бюджети бир миллиард сомго жетерин кошумчалады. Бирок ошого карабай, ден соолукту чыңдоо мекемелеринин абалы мышык ыйлаарлык экенин айтты.

Булак: fakt.kg