Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү кечээ, 20-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына барып, Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, А.Атамбаев абактагы шартка даттанган жок. Анын айтымында, акыркы учурларда кан басымы төмөндөп, медицина кызматкерлерине кайрылууга мажбур болуп жатат.

«Жолугушууда башка көйгөйлөр да айтылып, Акыйкатчынын аппараты тиешелүү иштерди жүргүзүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жактоочу Замир Жоошев Атамбаевдин абалы начарлап [кан басымынын төмөндөшү] кеткенин билдирген болчу. Ал эми УКМК анын абалы туруктуу экенин маалымдаган.

Булак: Баракелде