Кыргызстанда Орто Азиядагы биринчи IT HUB ачылат. Бул тууралуу билим берүү министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов Фейсбуктагы жеке баракчасына  жазып чыкты.

Анын айтымында, хабды ачууда 10 жылдан ашык убакыттан бери Америкада жашап, ал жактагы кыргыздарга программалоону үйрөтүп келе жаткан Эсен Ниязов менен чогуу иш алып барышат.

«Эсен Америкада Cybertek АйТи аянтчасын негиздеп, үч жүздөн ашык кыргызга программалоонун сырларын үйрөттү. Учурда Cybertek дүйнөнүн 22 өлкөсүндө иштеп жатат. Алты айлык окутуудан өткөндөрдүн дээрлик бардыгы Америкада иш таап кетишти, алардын айлыгы эң аз дегенде жылына 90 миң доллар», -деп жазган Кубанов.

Ал IT-HUB ачууга абдан көп инвестиция тартылганын белгилеп өттү. Ошондой эле, анын ачылышы менен жаштарда иш издеп, чет өлкөгө чыгуу муктаждыгы азаярын белгиледи.

«Биз жарандарыбызды маалымат технологиясы жаатында окутуп, аларга дүйнөнүн эшигин ачабыз. Биз Орто Азияда жок долбоорду ишке ашырууга даярбыз. Мен Кыргызстандын ЖОЖдору тейлөө тармагындагы адистерди даярдоо менен чектелишине каршымын. Анткени бизде жакынкы он жылда IT тармагындагы дүйнөлүк чемпиондорду чыгарууга толук кудуретибиз бар», -деп жазат Нурсултан Кубанов.
Нурсултан Кубановдун айтымында аталган долбоор Америкадагы кыргыздардын «Мурас» клубу чогуу ишке ашышышы күтүүлүдө.

Белгилей кетсек, АКШда белгилүү компанияларда иштеген кыргызстандыктар «Мурас» клубун түзүшкөн. Алар өткөн жумада IT форумун өткөрүштү. Эсен Ниязов Чикаго шаарындагы жүздөгөн кыргызстандыктарга компьютердик технологияны үйрөткөн Cybertek окуу борборун жетектейт.

Булак: elgezit.kg