Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» саякат кемесинде дагы 67 киши вирусту жугузуп алды. Бул тууралуу «World of Cruising» Жапониянын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында Кыргызстандын бир жараны, ошондой эле Жапониянын, Кытайдын, Австралиянын, АКШнын жарандары бар. 

18-февралда  Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Жапониянын Иокогама портунда коронавирустан улам карантинге алынган «Diamond Princess» круиздик кемесиндеги кыргыз жараны боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, кыргызстандыкка кошуна каютада жаткан адамдан коронавирус аныкталгандыктан Кыргызстандын жараны да вирусту жуктурушу мүмкүн деген шек жаралган. Министрлик Жапониянын тийиштүү мекемелеринин маалыматына таянып, кыргызстандыктын дене табы көтөрүлбөгөнүн, ал өзүн жакшы сезип жатканын жана учурда эч кандай дарылоого муктаж эмес экенин кабарлады.

«Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги «Diamond Princess» круиздик кемесинде коронавирус жугузганы айтылган Кыргызстандын жараны менен 6-февралдан бери байланышып жатат. Элчилик Жапониянын Тышкы иштер министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги менен да дайыма байланышта» деп айтылат маалыматта. 

 «Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөт. Кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 400дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды.

Кытайда катталган коронавирус 17-февралга карата 70 548 адамга жукту. Андан өлгөндөрдүн саны 1770 кишиге жетти. Кытайдан башка 30 өлкөдө бул дартка чалдыккан 300 учур катталган. Алардын ичинен төртөө каза болду. 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №07 (442), 19.02.2020-ж.