Бүгүн, 17-февралда Ат-Башы районунда индустриялык-соода-логистикалык комплексинин курулушуна каршы кайрадан тынчтык митинги өтүүдө. Митингдин катышуучулары аталган жерди кытайлык жеке ишкерлерге бербөөнү талап кылышууда.

Алар бийликке бир нече талап коюп, резолюция кабыл алышты.

«1. Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу 200 гектар жерди «Нарын» эркин экономикалык аймагына ижарага берген өкмөттүн токтому жокко чыгарылсын.

2. «Нарын» эркин экономикалык аймагы менен «Нур-Строй» компаниясынын ортосундагы келишим жараксыз деп табылсын.

3. Ат-Башы районунун аймагында ушул сыяктуу иштерди аткаруу жана кен байлыктарын иштетүү маселеси элдик жыйындарда чечилсин.

4. Эл менен эсептешпей, өзүм билемдик менен буйрук чыгарган Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагынын башчысы Канатбек Стамакуновго катуу эскертүү берилсин.

5. Элдин жыйындарда чыгып сүйлөгөн жарандарды укук коргоо органдары коркутуп-үркүтпөсүн. Алардын туугандарына жана аялдары менен балдарына коркутуу токтотулсун», — деп айтылат кабыл алынган резолюцияда.

Эске сала кетсек, «Ат-Башы» логистикалык борборуна жалпысынан 276 млн доллар инвестиция салынары каралгандыгы кабарланган болчу.

Бул долбоордо «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ЖЧКсы инвестор болууда. Анын негиздөөчүсү кытайлык Лю Ин, Ван Цзыюнь жана кыргызстандык Эмилбек Абдыкадыров болуп эсептелет.

Аталган долбоор үчкө бөлүнгөн: индустриялык тармак, соода жана логистика тармагы.

Комплекс салына турган жер Ат-Башы районунун борборунан күн батышты көздөй 44 чакырым алыстыкта, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун боюнда, чек арадан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Жаңы курулушка каршы жыйындар жана нааразылык акциялары байма-бай өтүп келатат. Алар логистикалык борбор үчүн ижарага берилген аймак жайыт экенин белгилеп, кийин Кытайга биротоло өтүп кетет деп чочулашат.

Булак: elgezit.kg