«Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмеси Кыргызстандын жаңы администрациялык картасын сунушташты. Аталган бирикменин башчысы Замирбек Кочкорбаев картаны социалдык түйүндөгү баракчасына жарыялаган. Анын айтымында, «Кыргыз Чоролору» коомдук бирикмесинин өнүктүрүү программасынын алкагындагы Кыргызстанды облустук эмес, аймакка бөлүү керек.

«Азыркы мезгилде Кыргызстанда төрт тепкичтүү башкаруу орун алып, 7 облус, облустук маанидеги Ош, Бишкек шаары, андан тышкары 24 шаар, 44 район, 443 айыл аймагы жана 31 шаарча бар. Биз үч тепкичтүү башкарууну сунуштайбыз: айыл өкмөтү, аймак, республика. Ошондо 15 аймак, 270 айыл өкмөт жана 13 шаарча болмок», - деп социалдык түйүндөгү баракчасына жазган.

Мындан тышкары Кочкорбаев бул картаны 2015-жылы өкмөткө сунушташканын билдирди.

Булак: Баракелде