Иш-чараны "Чек ара" коомдук бирикмеси уюштурууда. Аталган бирикменин өкүлү Гүлжигит Исаковдун "Азатттыкка" билдиргени боюнча, тегерек үстөлдө үч маселе каралат:

"Баткен облусундагы чек ара маселесин чечүү жолдору. Чектеш аймактарда жашаган элдин коопсуздугун камсыздоо. Үчүнчүсү - чек ара маселесин жөнгө салуучу Улуттук комиссия түзүү талабын коебуз. Анткени делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссия өзүнө жүктөлгөн милдетти толук аткара албай жатат".

Тегерек үстөлгө Жогорку Кеңештин депутаттары, Баткен облусунда жана чек ара тармагында мурда-кийин иштеген мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык активисттер чакырылган.
Иш-чарада чек ара маселелеринен тышкары активисттер Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы чырга байланыштуу кармалып, камакта турган адамдарды, Лейлектеги Катраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаевди бошотуу талабы да коюлмакчы.

Булак: Азаттык