"Чек арадагы "Кең-Булуң", Токмок өткөрмө бекеттеринде абал тынч. Кечээ түштөн кийин Кыргызстанды көздөй агылгандардын саны азайган. Тескерисинче кайра мекенине кайтып кетип жаткан казак жарандары катталды. Өткөрмө бекеттеринде кезек күткөндөр жок".
Чек ара кызматы 9-февралда саат күндүзгү 10.00го карата 1000ден ашуун казак жараны Кыргызстандан чыгып кеткенин кабарлаган.
8-февралга караган түнү Казакстандын Кордай районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарындагы башаламандыктан 10 адам каза болуп, ондогон адам жараат алган. Бир топ үйлөр, имараттар өрттөлдү.
азакстандын жаңжал чыккан бул айылдары Кыргызстандын Токмок шаарына тушташ, Чу дарыясынын аркы өйүзүндө жайгашкан. Башамаландыктан соң Кыргызстандын аймагына өткөндөр көбөйгөн.
Булак: Азаттык