Айталы дегенибиз, күн өткөн сайын кошуна Тажикстан менен чек ара чыры күч алып, чаар допу ашыналар биздикилерди ачыктан ачык эле коркутуп-үркүтүүгө өтүшүп, үйлөрдү өрттөп, автомашиналарды ташбараңга алышып, акыркы күндөрү аткылай да башташпадыбы. Алардын жарандык кийим кийип алган аскер кызматкерлеринин мындай диверсисиясынын түпкү максаты - чек арадагы кыргыздарды ушинтип коркута берсек, үй-жайын таштап кетишип, талаштуу аймак деп эсептелген жерлерди ээлеп алабыз деген арамза ой экендиги көрүнүп эле турат.

Ушул кордук-зомбулукка чыдабаган баткенчилер 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясын өткөрүштү.

“Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюшкандыгын жарыялады: “- Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн. Дагы бир талабыбыз - вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин”.

Баткен районунун Көк-Таш айылынын төрт тургуну “Массалык башаламандык” жана “Ээнбаштык” беренелери боюнча шек саналып 11-январда кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган.

14-январда кыргыз-тажик чек арасында “Кызыл-Бел” жана “Гүлистон” көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлду. Анда шахмат түрүндөгү жерлерди өз ара алмашуу боюнча кыргыз тараптан сунуш берилген. Азырынча бул сунушка тажик тарап кандай жооп кайтаргандыгы белгисиз. Эмнеси болсо да 29 жылдан бери чечилбей келаткан чек ара маселесин чечип койсо, ушул бийлик элдин алкышын алып, тарыхта да калат эле.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (438), 22.01.2020-ж.