Акыркы мезгилде атасы өз канынан жаралган кызын зордуктаган, күйөөсү аялын уруп-сабап, өлтүрүп койгон же тескерисинче аялы күйөөсүнө кордук көргөзгөндүгү тууралуу үрөйдү учурган фактылар көп катталууда. Деги эле үй-бүлөдөгү мындай зомбулук менен зөөкүрдүктүн түпкү себеби эмне? Өкмөт ушул суроого жооп издөө жана ар кандай жаман жоруктардын алдын алуу үчүн жакын арада Бишкек жана Ош шаарларында эки мамлекеттик кризистик борбор ачканы жатат. Бул тууралуу 16-январда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулук маселесин чечүү үчүн мамлекеттик институттар менен коомдун кийгилишүүсү зарыл: “Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жабырлануучу маселесин өз алдынча жеңип чыга албай калган кырдаал. Бул жерде үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү - аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жабыр тартып жаткандыктан, мамлекеттик институттардын жана коомдун кийгилишүүсү зарыл. Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер - туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн түзүлөт”.

2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөлөрүнүн ур-токмогунан улам каза болушкан. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы аялы ооруканада даарыланууда.

Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.

“Мамлекет үй-бүлөдөн курулат, үй-бүлө мамлекеттин кичинекей бөлүгү”,- демекчи, өкмөттүн бул демилгеси колдоого аларлык көрүнүш.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №03 (438), 22.01.2020-ж.