2020-жыл башталгандан бери өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулуктан эки аял каза тапты. 1-январда Кочкор районунда 37 жаштагы аял, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан ажал тапкан. Учурда бул эки кылмышка шектүүлөр кармалып, сотко чейинки тергөө иштери уланууда.

4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. Азыр анын 33 жаштагы аялы ооруканада дарыланууда. Көп өтпөй Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 34 жаштагы келин күйөөсүнөн токмок жеп ооруканага түштү.

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 15-январда Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып үй-бүлөдө чыр-чатактын 70 пайызы ичимдик ичип алгандан улам чыгарын жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу болорун айткан.

azattyk.kg