Жогорку Кеңеште Баткен облусундагы Айдаркен сымап комбинатынын маселеси үстөккө-босток көтөрүлүп, ишкананын чала-чарпы иштешине анын жетекчилигин абдан катуу айыпташты. Андыктан, кабарчыбыз Кадамжай районуна сапарлап, маселенин чын-бышыгын жеринде сүрүштүрүп, комбинаттын баш директору Толубай САЛИЕВди жумуш үстүндө кенен-чонон кепке тартты.

- Толубай мырза, акыкы мезгилде бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары, буга улай Жогорку Кеңеш депутаттары дагы Сизди жана ишканаңызды тегиз эле сындап жатып калышты. Дегиңкиси мунун канчалык чындыгы бар?

- Айып этпе, Алишер! Айрым кесиптештериңиз сенсация гана кууп калышпадыбы. Мен буга, чындыгында, терикпеймин деле. Бирок, парламентте аттуу-баштуу депутатыбыз эле жөнсүз чуу көтөрүп, мага карандай асылганы абдан осол эле иш болду. Айдаркен сымап комбинаты таптакыр токтоп алган жери жок! Көрдүңөр го, кадимки нукта мурдагыдай эле иштеп жатат.

- Бирок, баары бир маселе бар да?

- Ооба. Көп жылдар бою жетиштүү каралбагандыктан, анын үстүнө комбинатка таандык фабрикаларыбызды жана заводдорубузду катарынан суу каптап кетти эле. Ата Мекендик инвестордун – “СевероСталь” жоопкерчилиги чектелген коомунун түздөн-түз жардамы аркасында буга 180 миллион сом сарптап, суулардын бардыгы чекесинен сордурулуп, тазаланып, анан кадимки нугуна салынды. Союз мезгилинде биздин ишкана жыл сайын 500 тонна сымап өндүрчү. А былтыр 11 тонна сымап өндүрсөк, быйыл мунун көлөмү 18 тоннаны чапчыды. Бара-бара бул көрсөткүчтү мындан дагы көбөйтөбүз.

- Эмне ишканаңыздарга дараметтүү өнөктөштөр табылбай жатабы?

- Орусия жана Кытай өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөр дээрлик аяктады. 2020-жылдан тартып бул мамлекеттерге сымап соодалаганга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

- Демек, бул ишканадагылар Жогорку Кеңеш депутаттары ызылдагандай жумушсуз калышпайт экен да?

- Ооба. Азыр деле 400 чакты жумушчуга кадимкидей эле айлык төлөп жатабыз. Антпесек, Айдаркен сымап комбинатынын жумушчуларынын 30-35 пайызы – тажиктер. Аймак жана ишканабыз бопбош калса, коңшулар жергебизди жөн эле жана куралсыз гана басып алышат. Анын үстүнө ишканабыз дагы Тажикстанга чектеш анклавда жайланышкан.

- Эмне, Кыргыз Өкмөтү Сиздерге каралашпай эле карап олтурабы?

- Жо-жок! Кыргыз Өкмөтү туруктуу колдогону үчүн ата-мекендик инвестор таппадыкпы. Мен терең ишенем, бара-бара сымаптын кадыры ого бетер артат. Маселен, бул баалуу зат таптакыр уулуу эмес! Мына мен кадимкидей таттым. Ишенбесеңер, силдер деле ичип көргүлөчү? Көп мамлекеттерде айрым ооруларды дал ушул сымап менен дарылап, андан адамдар кадимкидей эле сакайып жатышпайбы. Демек, жылдардын бир жылдарында, аман турсак көрөсүңөр го, сымабы бар мамлекет бүтүндөй дүйнөнү багындырат.

- Толубай мырза, дегеле бул кендин Кыргызстанда казылуу тарыхы барбы?

- Албетте! 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде дал ушул биздин комбинаттын ордунда №5-стратегиялык завод иштеген. Ал бүтүндөй СССРди жетиштүү сымап менен үзгүлтүксүз камсыздап турган. Мындан тышкары бул жерден сурьма дагы өндүрүлгөн. Азыр деле өндүрүлөт. Бирок, өтө аз гана өлчөмдө.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.