Саясатчы Ташиев ага төмөндөгүдөй жооп берди:

"Болот Темировдун билдирүүсүн окуп жаткам, бир маалда эле мени кошуп жазып салыптыр, жаман сөздөр менен. Таң калдым.

Болотту токмоктоп кетиптир деп укканымда өтө кыжаалат болуп, тааныш журналисттерден сураштырып, жардам керек бекен деп сурап кайрылганым эсиме түштү. 

Ошол маалда деле, азыр деле Мекенден алыста жүрөм.
А эмнеге ал жигит мен жөнүндө жаман ой калтырган, а мен болсо ал жигит боюнча жакшы тилектерди айтсам деп ойлонуп калдым.

А мүмкүн Болотко текст жазып беришип эле окутуп коюшту, заказ менен эле биздин фамилияларды коштуруп койду го.

Ал эми журналисттке кол салган кылмышкерлерди таап, мыйзамдын чегинде жазалоо - бул ИИМ үчүн "дело чести" болуш керек.

Болот иним, эртерээк сакайып кет, сага ийгиликтерди каалаймын, ушактарга ишенбей, ар бир адамга туура баа берүүнү үйрөнөсүң деп ойлоймун.

Камчыбек Ташиев

Италия, Наполи,11.01.2020"