Баткен аэропортунун жетекчиси Нургазы Жаныбеков 28-декабрда “Фейбук” баракчасында өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго, Коопсуздук кеңешине жана “Манас” эл аралык аэропортунун төрагасы Мурат Примбердиевге видео кайрылуу жасады.
Анда ал Баткен облусунун прокурору Абдибакыт Халмурзаев тарабынан басым болуп атканын, аны Ош аэропортунун жетекчиси Талант Ысаков кордоого алып жатканын билдирген. Ошондой эле мындан улам Жаңы жылдан баштап өз калоосу менен жумуштан кетүү арызын жазганга мажбур болгонун айткан.
“2019-жылдын 24-октябрь күнү мага Жарандык авиация департаментинен жана "Манас" эл аралык аэропортунун директорлор кеңешинен текшерүүчүлөр келген. Ал күнү Баткенге Башкы прокурор да келген. Аны тосуп алганы келген Баткен облусунун прокурору “аэропорттун аймагына унаа менен кирем” деп ызы-чуу салды. Мага келип уят сөздөр менен сөгүндү. Жакшы сүйлөсө унаасын болбосо да өзүн киргизүүгө уруксат бермекмин. Бирок ага уруксат берсем мен мыйзамды бузган болом. Бул окуядан кийин мага “Манас” эл аралык аэропортунун Оштогу филиалынын жетекчиси Талант Ысаков ар кандай шылтоо менен сөгүш берип, кысымга алып жатат. Мындан улам мен өз каалоом менен эле кызматтан кетейин деп чечтим”,- деп түшүндүргөн президентке кайрылуусунун себебин Жаныбеков.
Жаныбеков баракчасында Абдибакыт Халмурзаев жана Талант Ысаков катышуусунда Баткен аэропортунда тартылган видеосуну да жарыялаган. Анда Жаныбеков прокурорго: “эмне себептен мени “блядь” деп жатасыз?”- деп суроо узатат, Халмурзаев: “мен сизди эч кандай сөккөн жокмун”- деп жооп кайтарат. Жаныбеков тасмага тартып жатканда бир нече адам ага тоскоолдук кылып жатканын көрүүгө болот.
Ал эми окуяга күбө болгонун айткан Ош эл аралык аэропортунун директорунун орун басары Мирлан Нишанбаев Жаныбековдун иштен кетишине прокурордун тиешеси жоктугун билдирип актанууда.
Айтор, Баткен аэропортундагы коррупциядан чыккан башаламандыкка президент өзү кийлигишпесе, жергиликтүү чиновниктер кызматтык этика менен мыйзамдын алкагынан чыгып кетишкен өңдүү...
Булак: “Майдан.kg” гезити, №01 (436), 09.01.2020-ж.