Кинорежиссер  Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 2019-жылдын 24-декабрында эртең мененки саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөөрү белгилүү болду. Залкардын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Болот Шамшиев 21-декабрда 78 жаш курагында дүйнөдөн өттү. 

Болот Шамшиев Төлөнович  1941-жылдын 12-январында Фрунзе шаарында акын-жазуучунун жана дарыгердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.  Советтик жана Кыргызстандык актёркинорежиссёр ошондой эле сценарист. СССРдин эл артисти.

"Караш-караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Асма көпүрө", "Ак кеме", "Бөрү зындан" жана башка тасмаларды тарткан.

"Саясат. kg" сайты залкардын артында калган уул-кыздарына, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.