Ленин райондук акимиатынын жетекчилиги монополияга каршы мамлекеттик агенттинин шаардык башкармалыгынын жана мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясынын өкүлдөрү менен биргеликте жылуулук базасынын иши менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда ишканалардын жетекчилигине көмүр баасын күз-кыш учурунда кымбаттатып жибербөө жана көмүр сатуучу жайлардын айланасындагы тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

 

Белгиленгендей көмүрдүн жүктөө кошулганда жеткирүү кошулбагандагы баасы тоннасына 3500 сомдон 3900 сомго чейин болууда.