Жыргалбек Касаболотов Фейсбуктагы баракчасына Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейиндеги "жылаңач" көргөзмө тууралуу пикирин жазды: 


"А эмне, сонун да. :) Нааразылыктын мындай сонун ыкмасы барбы? Колдонгула, кокуй, баарыңар. Антпесеңер эле замандан артта каласыңар. Коррупция айлаңды кетирдиби? Ак Үйдүн астына барып чечинип тура кал. Эч ойлонбо. Түз эле шыпыр. Дегеле эч нерсесин калтырба, баары ачыкка чыксын. Бир нерсе деп сурагандарга "бизде ачык коом" деп оозунду чоюп кой.. :) ))))))))) Чек арадан товарың өтпөй турабы? Чечин, чек арачынын так маңдайына барып. Ары-бери бас. Мынаа деп. :) Милийса сабап салдыбы? Арыз жазып отурасыңбы, так эле министрдин астына барып чечинип отуруп ал. :) Коридорунда басып жүр атасынын көрү, демократия да. :) Башка жолун ойлобой эле кой. Бирдеме десе эле чечин. :) )))))))))))) Чечингенде эле сенден бирөө коркуп кетээр бекен же маселе чечилип калар бекен, көрөлүчү. Анча болду мугалимдер окуучуларынын көзүнчө чечинсин. Окуучулар мугалиминин көзүнчө... Бир кызык жери көчөдө ошентип жүрсөң жиндиканага алып кетет. Мамлекеттик музей коомдук жай эмеспи? Баса, андай болсо дикторлор деле бетинин ордуна экрандан түз эле ошол жагын көрсөтсүн, а эмне, адам укуктары да. :) Элестетип көрдүңөрбү? Телевизорду сайсаң эле мынааа сага деп так маңдайыңа... Чечингилечи бир атаңгөрү, эмнесин аянасыңар эч нерсеңер деле калган жок. Парламенттегилер биринчи баштасын демократиянын чордону эмеспи. Президент, премьер-министр, өкмөт баш болуп үлгү көрсөтсүн. Чечиналле деп атап алабыз, эмнеси бар экен... 😀 ))))) Ошондон эле укук корголуп, кылмыштуулук токтоп, коррупция кан буугандай тыйылып, миграциядагылар тентибей кала турган болсо бийлик баш болуп, партиялар тош болуп чечингиле, кана? Бирок туура көрсөңөр биз кийимчен эле туралы, артта калгандар. Артта калбадыкпы такыр. Алдыда жалаң ушундай келечек күтүп турса, алдыга барбай эле койдук".