Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминналеде аялдардын укугун коргоо иретинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда талкууга алынып жатат. Анын директору Мира Жангарачеванын өз арызы менен иштен кеткени маалым болгон. 

 

- Сүрөт музейиндеги иш-чара боюнча комиссия түзүлүп, эки күндөн бери ишти иликтешти. Ошондон кийин музейдин директору Жангарачева Мира Камилевна жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берип, мен ага кол койдум, - деди маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

 

Иш-чарага каршы болгон жарандык активисттер 2-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына нааразылык акцияга чыгып, Мира Жангарачеванын кызматтан кетишин, премьер-министр маданият, маалымат жана туризм министрине сөгүш беришин жана музейде болуп жаткан феминналенин токтотулушун талап кылышты. Министр Азамат Жаманкулов аларды кабыл алып, талаптарын укту.

 

Мунун алдында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги көркөм сүрөт музейинде денесин көрсөткөн кыздар да катышкан иш-чарага каршы экенин, аялдардын укугун коргоону максат кылган бул көргөзмө министрлик менен кеңешилбей уюштурулганын билдирген.