Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.   

 

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тараткан маалыматка караганда   Маслова Испаниянын Валенсия шаарында өткөн эл аралык марафонго  1-декабрда катышкан жана анда олимпиадалык нормативди аткарган.

 

Аталган марафондо  жөө күлүк  Маслова 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 28 мүнөт 19 секундда басып өткөн. Ал эми олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт.