Депутат Кенжебек Бокоев Евразия экономикалык биримдиги Кыргызстанга пайда алып келбегенин белгилеп, бул курамдан чыгууну сунуштаган болчу. Бул боюнча Евразия экономикалык кеңешинин жетекчиси Тигран Саркисян пикирин билдирип, биримдик сын-пикирлерди угууга жана кабыл алууга даяр экенин айтты. 

 

Ал белгилегендей биримдик тууралуу күмөн ойлор бир гана Кыргызстанда жаралган эмес. Ошондуктан кайсы өлкөдө болбосун ЕАЭБдин дарегине айтылган терс сындар, жактырбоолорго терең көңүл бурушат. 

 

"Сын пикир аркылуу кемчилигибизди оңдойбуз жана бизди күчтүү кылат", - деген Саркисян. 

 

Белгилей кетсек ЕАЭБ беш өлкөдөн куралган. Анын катарында Россия, Казакстан, Белорусия, Кыргызстан жана Армения бар.