Биринчи май райондук сотунда президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасы каралып абактагы мөөнөтү узартылды.
КСДПнын төрага орун басары Кундуз Жолдубаеванын айтымында Фарид Ниязов 9-февралга чейин абакта болот. Ал СИЗО-1де кармалат.
Ошондой эле Кыяс Смалиев, Амантур Жамгырчиев дагы абакта калтырылат.