Маркум төкмө акын Майра Керим кызынын акын уулу Акжолтой жол кырсыгынан каза тапты. Бул тууралуу акын Бердибек Жамгырчиев маалымдады.
Анда айтылгандай Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып андан алган жараатынан көз жумган. Окуя бүгүн эртең менен Балыкчы-Кочкор унаа жолунда болгон.
Алдын ала алынган маалыматтарга караганда акын Ак-Сай айылындагы "Айылдарды өнүктүрүү" майрамдык марафонунан келе жаткан. Марафонго парламент депутаты, аким, айыл өкмөт башчылары катышкан.