Свердлов райондук сотунда БИшкек ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча кезектеги сот процесси өттү. Бул жолу мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев суралды.
Сатыбалдиев өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке какты. Ал ал жетектеген өкмөт 2014-жылдын март айынын аягында кеткенин, ал эми ЖЭБди модернизациялоо боюнча насыя алуу макулдашуусуна ошол жылдын июнь айында кол коюлганын белгилеген. Ал эми курулуш иштери анын айтымында 2015-жылдын ноябрь айында башталган.
Мурдагы өкмөт башчы инвестиция тартуу менен курулуш иштери өз өзүнчө бир бирине байланышы жок башка иш экенин эске салды. Ал белгилегендей инвестиция тартууга эки өкмөт катышкан, курулуш иштерин башка өкмөт жүргүзгөн.
Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнч ачылган кылмыш ишинин негизинде сегиз мурдагы аткаминер айыпталып жатат. Алардын арасыннан мурдагы каржы министри Ольга Лаврова үй камагында, калгандары УКМКнын абагында. ЖЭБдеги коррупция мамлекетке 5 млрд 439 млн сом зыян келтирген.