КР акыйкатчы Токон Мамытов УКМКнын абагында кармалып жаткан мурдагы президент Атамбаевге барып жолугуп келди. Бул тууралуу акыйкатчылыктан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда мурдагы президент абак шартына эч кандай даттануусун айткан эмес. 

 

Эске салсак Атамбаев бир катар оор беренелердин негизинде айыпталууда. Биринчи май райондук соту 26-октябрга чейин абак шартында кармоо чечимин чыгарган.