Кыргызстандын ТИМинин мурдагы башчысы Аскар Айтматов  Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Жеңгиз Камил Фырат каршы арыз жазды. Азыр Биринчи Май райондук сотуна багытталды.  Бул тууралуу Айтматов өзү маалымдады. 

 

Арызда Айтматов элчи Фырат  «Сапат» билим берүү мекемелеринде окуп жаткан бардык окуучуларды жана алардын ата-энелерин айыптап, абройуна шек келтиргенин, аны менен катар өзүнүн да ар-намысына шек келгенин айтат. 

 

Белгилей кетсек  ушул жылдын 22-июнунда Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымат тараткан. Анда:  «Балдарын аталган мектептерге жиберген ата-энелер төмөнкү нерселерди билиши керек: балдардын окуусуна деп төлөнгөн акчанын бир бөлүгү Түркияда террордук уюм деп эсептелген ФЕТО уюмун каржылык жактан колдоого жиберилет», — деп жазылган.

 

Ал эми Айтматов тууралуу: «Аскар Айтматов ФЕТО уюмунун мүчөлөрү менен кызматташтыгын улантаарын жана «биздин балдар» деп айтып колдоорун билдирген акыркы чечимин чыгарды», — деп белгилешкен. 

 

Аскар Айтматов  мындай билдирүү элчиге ылайык келбей турганын жана  дипломаттын коомго жат жүрүм-туруму  «persona non grata» жарыялоого негиз болоорун белгилейт.