Атамбаев бүгүн Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иштин негизиндеги соттук угууга келеби, же жокпу белгисиз. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. 

 

Айтымында ал Атамбаев менен азырынча макулдашпагандыктан Башкы прокуратурага анын соттук угууга келбей турганы боюнча арыз жөнөтө элек. 

 

 Ал мурдагы президент камерасынан чыкпай анысы менен нааразычылык билдирип жатканын белгилеп, мындан кийинки сотторго катышаар-катышпасын ачык айта албасын айтты. 

 

Биринчи май райондук сотунда Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кезектеги соттук угуу бүгүн болот. Буга чейин бир угуу болгон. Иш боюнча 19 айыпталуучу бар.