Учурда Кыргызстанда 1235 жаран өнөкөт бөйрөк оору менен ооруйт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында билдирди.
"Аларга 2018-жылга чейин тендердик негизде бир эле компания гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Бирок, оорулуулардын саны акыркы жылдары көбөйгөндүгүнө байланыштуу башка жеке менчик клиникалардын кызматтарын төлөө менен жеңилдетилген дарылоо системасын киргизүү зарылчылыгы келип чыкты”, – деди ал.
Министрдин орун басары билдиргендей, азыркы тапта бардык оорулуу жарандар гемодиализди мурдагыдай кезек күтпөстөн, керектүү учурда алууда.
Анткени менен Өкмөттүн кабыл алган жаңы токтомунда оорулуу жаран бир айда 12 гана жолу гемодиализден өтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Калган дарылоону өзү чөнтөгүнөн төлөөгө мажбур. Ал эми көпчүлүк учурда оорулуулар бир айда 13-14 жолу гемодиализге муктаж болот.
Ага ылайык, депутаттар аталган чектөөнү алып салуу зарылчылыгын белгилешип, тиешелүү Өкмөттүк мекемелер көйгөйдү тез арада чечүүсү керектигин кошумчалашты. Ал эми эл өкүлдөрү Сайдулла Нышанов менен Абдимуктар Маматов бул сыяктуу өнөкөт оорулардын алдын алуу жагын караштыруу менен калкты маалымат менен камсыздоону колго алууга чакырды.
“Ата-Мекен” парламенттик фракциясы атайын токтом кабыл алып, гемодиализге муктаж жарандарга керектүү каржылык маселелерди тез арада жолго коюуну жана дарылоо санын чектөө тартибин жоюуну тиешелүү министрликтерге тапшырышты.