Жакында эле Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчиси алмашып, Кудайбердиеванын ордуна Каныбек Исаков келген. Жаңы министр орто мектептердин жетекчилигине жана мугалимдерине окуучулардын ата-энелеринен жана алардын ордун басуучу тараптардан ар кандай иш чараларга акча чогултууга тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. 

 

Министр буйругун мектептердеги ар бир мугалимге чейин жеткирүүнү жана мыйзамсыз акча чогултуулар тууралуу кабарлоочу ишеним телефондорду орнотууну тапшырган. Эгер мугалим мыйзамсыз акча чогултуу боюнча кармалып калса ага сөгүш жарыяланат же кызматынан айрылат.