Башынан ылдый жугундукорлукка ыктап, элдин ырыскысын жеп келе жаткандыгы эл ичинде уу-дуу кеп болуп айтылып келе жаткан Токтогул райондук билим берүү берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Сулпукорова тууралуу бир бүркүм кабар жаздык эле өткөндө...

 

“Дамира айымдын кылбаган нерсеси жок. Кайсы бирин айтасың? Токтогул районунда бала бакча, мектеп директорлорун коюу же алууда чынжырланган коррупциялык схеманы орноткондугун айталы десек, андан баары кабардар. Бирок, бизди тан калтырганы, Дамира айымдын кулкуну абдан чоюлчаак экен, акчадан баштап, жылкы, уйларга чейин батып кете берет тура. Жергиликтүү элден келген арыздарга үңүлсөк, Дамира айым көп адамдардын “конверт” алып койгон, а ишке келгенде катардагы эле “кидальщиктин” образында жүрөт. “Ой, бу жексурлугуң башыңа муш болуп тийет, бир аз уялып койбойсузбу”- деп айтчуларга да жообу даяр: “Мени бул заман турганда эч ким алып ыргыта албайт, анткени журт атасы – ажо менен дайыма дасторкондо сүйлөшүп жүрөм”- таризинде “ырдап” ийет экен. Тообо, жакаңды кармайсың, иштеген ишинен дайыны жок, нагыз коррупционер экендиги имиш болуп айтылып жаткандыгына карабастан кылы кыйшайбай жатканын көргөн, күбө болгон адам катары акырындап, “а балким, чын эле Дамиранын айтканындай болуп жүрбөсүн”- деп ойлой баштайсың. Пендебиз го...”- деп жаздык болчу.

 

Аныгын айтсак, Дамира айымдын эч кандай ажо менен дасторкондо чай ичкендиги далилденген жок. Бул жомокту ал үстүнөн текшерип келген адамдар үчүн чиркөө катары колдонот экен!

 

Өткөндө айтканбыз – Дамира Сулпукоровадан бүт Токтогул эли тажап, кетер күнүн санап олтурушат. Президентке, өкмөткө, министрге жазылган арыздардан ныпым пайда жок. Бизге чыккан материал боюнча териштирүү башталган кезде министр Гүлмира Кудайбердиеванын абийири ачылып, кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. “Дамиранын өз алдынча түптөгөн хандыгын уратып, дароо жумушунан айдап ийүүгө эрки жетсе, Кудайбердиеваны кудай да, эл да колдоп кетет эле...”- дегенбиз. Тагдыр экен, бул вазийпа жаңы Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго жүктөлүп олтурат.

 

Редакциябыз мурунтан Каныбек мырзанын реформаторлук иштерин чагылдырып колдоп келе жатат. Бул ирет министр мырза ишин Дамирага окшогон жугундукорлугу айтылып жүргөн кадрлардын тармакты баштоодон баштаса, ага ыраазычылыктар арбыйт эле. Оу, министр мырза, жооп күтөбүз!

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg” газетасы