Үстүбүздөгү жылдын 27-сенябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык маарекесине арналган расмий кабыл алуу иш чарасы өттү.

 

Аталган иш чарага Өзбекстандын Экономика жана өндүрүш министри баштаган бир топ коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, Өзбекстандагы диломаттык өкүлчүлүктөрдүн башчылары жана маданияттын каймактары, ошондой эле Өзбекстандагы Кыргыз маданий борборунун активистери катышышты.

 

Элчи И.Жунусов өз сөзүндө баардык келген конокторго ыраазычылык билдирип, майрам менен куттуктап, өлкөбүздүн саясий жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн белгилеп, ошондой эле кыргыз-өзбек алакаларынын башкы жетишкендиктерин айтып өттү.

 

Кабыл алуу иш-чарасында КР Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын мурдагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Б.Сыдыковдун 80 жылдыгына  арналган сүрөт көргөзмөсү, ошондой эле Кыргызстандан чыгарылган  буюмдар коюлган. Андан тышкары Кыргызстан туристик өлкө тууралуу видеороликтер көрсөтүлдү.

 

Майрамдык салтанат “Шаттык” бий ансамблинин чыгармалары менен коштолуп, өзгөчө кыргыздын улуттук маданияты сезилип турду.

 

 

Булак: “Майдан.kg” газетасы