УКМКнын 9-кызматынын кызматкери Канат Сагымбаевге карата өздүк коопсуздук кызматы тарабынан эки кызматтык териштирүү жүрүп жатканын аталган комитеттен билдиришти. 

 

Анда айтылгандай, ушул жылдын июнь айында Канат Сагымбаевге жетекчилик тарабынан  кайтаруудагы объект жок учурда кызматтык куралды тапшырып, атайын техниканы гаражга өткөрүү көрсөтмөсү берилген. Бирок ал аны аткаруудан баш тарткан.  

 

Экинчи жолу  Сагымбаев  коопсуздук кызматынын ички инструкциясын бузуп, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барган. Мындан улам ал «Кызматтык дал келбестик» беренесинин негизинде жумуштан бошотулган.