Ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун жакшыруу үчүн адегенде ал чөйрөдөгү ченемдик укуктук актылар Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин талаптарына шайкеш келтирилүүгө тийиш. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. 

 

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын натыйжалуулугун арттыруу максатында иштелип чыккан “Салыктык эмес кирешелерди алуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

 

Депутат Мурадыл Мадеминов: "Өткөн 9 айдын жыйынтыгында салык боюнча бюджеттен түшүп калуулар болушу мүмкүнбү?" - деген суроо узатты. Ага каржы министри Бактыгүл Жээнбаева бюджеттен түшүп калуулар жок жана  бардык салыктар толугу менен чогултулуп жатат деп жооп кайтарды. 

 

"Планды толтуруу үчүн 4-кварталдын эсебинен салык чогултулуп жатканы боюнча бир факты таап берсем, кызматыӊдан кете аласыӊбы?" - деген депутат Салык кызматынын башчысы Кабыл Абдалиевге кайрылды.  

“Салык кызматынын маалыматына караганда, июль жана август айларында салыктык каражат толук чогултулган. Ал эми калган айларда түшүп калуулар болгон. Ири ишканалардан салык жылдын аягына чейин чогултулуп жатат деген сөз бар”, - деди депутат.

Каржы министри салыктан түшүп калуулар бар экенин, ал эми салыктык эмес кирешелерден түшүп калуулар жок экенин белгиледи. “Салыктык эмес кирешелер жылына орто эсеп менен 5 пайызга өсүүдө”, - деди.