Бишкектеги Калык Акиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Фит" үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышып кеткен.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөөчү кызматтын маалыматына караганда, окуя 21-сентябрда саат 23:00дө болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен төрт адам ооруканага жеткирилди. Автоунаалар болсо айып төлөнүүчү токтотуучу жайга киргизилди.