Бишкекте Свердлов райондук сотунда ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишинин негизинде сот отуруму уланууда.
Процессте айыпталуучу Жантөрө Сатыбалдиев сотко Өмүрбек Текебаев менен Исхак Масалиевди чакыруу өтүнүчүн келтирди. Айтымында Текебаев 2013-2014-жылдары ЖЭБди модернизациялоо боюнча келишимди ратификациялоодогу талкууга активдүү катышкан. Масалиев болсо 2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болгондон кийин түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамында болгон.
Бирок сот аларды процесске чакыруунун зарылчылдыгы жок деп тапты, анткени алар жылуулук тармагын оңдоо иштерине түздөн түз катышта болушкан эмес.