Өкмөт аппаратынын коопсуздукту камсыздоо, тартип жана коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Егор Скобеев камакка алынганын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Анда белгиленгендей камакка алуу Аскер прокуратурасы тарабынан мурдагы президент Атамбаевге карата ачылган кылмыш ишинин алкагында болгон.
Егор Скобеев учурда ооруканада, ага операция жасалуусу күтүлүүдө. Мындан улам анын баш коргоо чарасын кароо кийинкиге калтырылды, бирок ооруканада аны күч кызматынын кызматкерлери кайтарышып жатышат.
Айрым маалыматтарга караганда, Скобеевге коррупция боюнча айып тагылган жана бул Атамбаевдин өкмөт башчы кезинде россиялык кримдүйнөсүнүн өкүлүнө тартуулаган тапанчалары себеп болушу мүмкүн. 2009-жылы мурдагы президент (ал кездеги премьер-министр) ТТ, CZ-75 жана Ярыгина үлгүсүндөгү тапанчаларды кримдүйнөсүндө Решала каймана аты менен таанымал Максим Каганскийге, бир жылдан кийин анын аялы Анастасияга белек кылган.