Кыргызстандын 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн куралган футбол командасы Азия чемпионаты-2020 финалдык стадиясына кирбей калды.
Эске салсак квалификацияланган таймаш 22-сентябрда Бишкекте болгон.
Таймашта Кыргызстан Ливанды 3:2 эсебинде жеңип, Араб Эмиратынан 1:2 эсебинде жеңилип калган. Жыйынтыгында Араб Эмираты Азия чемпионатына жолдомо утуп алды.