Айсулуу Тыныбекова  дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашты.  Кыргыз спортчу бул беттеште атаандашын 5:3 эсебинде утуп алды. 

Эске салсак Күрөш боюнча дүйнө чемпионатын Казакстандын  Нур-Султан шаарында өтүп жатат.  Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнө 62 килограммга чейинки салмак категориясында беттештерге катышты. Буга дейре мексикалык, украиналык, түндүк кореялык спортчуларды жеңген.