Делимитация жана демаркация маселелери боюнча иштеп жаткан өкмөттүк комиссия картаны көрсөтүп бере албай койду. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев билдирди. 

Кечээ парламент кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында караган. 

Депутат комиссия мурдагы документтер менен иштеп, архивди карап чыгышы керектигин белгиледи. Ошондой эле ал комиссиянын мүчөлөрү туруктуу болбой жатканын, андыктан аларды башка иштеринен бошотуу зарылдыгын билдирди. 

Төрөбаевдин айтымында Кыргызстан ТИМи Тажикстанга чек арадагы жаңжалдан кийин гана нота тапшырганы туура эмес болгон. Ал интернетте тажик техникалары чек ара аймагына топтолгону тууралуу маалымат тараганын белгилеп, мындай маалымат пайда болоору менен алдын ала чараларын көрө албаган Тышкы иштер министрлигин айыптады. Парламентте да шалаакы жетекчиликке юридикалык баа берүү сунушу киргизилгенин айтты.