Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ишкерлерди кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен куттуктады.

 

"Урматтуу биздин ишкерлер!

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын ишкерлер күнү менен чын дилимден куттуктайм.

 

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнө талыкпаган, жигердүү эмгегиңиздер менен кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

 

Бүгүнкү күндө 500 миңге жакын ишкерлер бар, ал эми кичи жана орто бизнестин салыштырмалуу салмагы ИДПнын жалпы көлөмүнүн 30 пайыздан ашуунун түзөт. Мындай көрсөткүч ишкерлер биздин өлкөбүздүн экономикасынын кыймылдаткыч күчү жана локомотиви экендигинен кабар берет. Мындан сырткары, биздин ишкерлер тышкы рынокту барган сайын активдүү өздөштүрүп, өлкөгө жаңы технологиялар менен демилгелерди жаңылык катары киргизип жатышат.

 

Бизнестин өлкө аймактарындагы ордун жана тийгизген таасирин, ошондой эле биздин ишкер айымдарыбыздын салымын өзгөчө белгилеп кетким келет. 

 

Кыргызстан бүгүнкү күндө олуттуу өзгөрүүлөрдүн босогосунда турат. Биз мындан аркы өнүгүүнүн артыкчылыктарын жана параметрлерин так аныктадык. Эми биз жолубузда кандай гана тоскоолдуктар кездешпесин, алдыга гана кадам шилтешибиз керек. 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күндө бизнес жаатындагы жаңы демилгелер менен идеяларды кабыл алууга даяр экендигин өзгөчө белгилегим келет. Ар кандай маанилүү жолугушууларда ишкерлер менен үзгүлтүксүз диалогдор жүргүзүлүп турат.

 

Сиздерге ак дилимден чың ден соолук жана бакубат жашоо, алдыга койгон максаттарыңыздарга жетүүңүздөргө тилектешмин. Сиздерди дайыма ийгилик коштоп жүрсүн!», - деди премьер-министр.