Бишкекте эки жаранды аеосуз сабаган эки киши камакка алынып, СИЗО-1ге отургузулган болчу. Кечээ бул экөөнө абактагы соттолуучулар кол салышкан. Шектүүлөрдүн колу-буту сынбаса да ар кандай жарааттарды алышып, колдоруна гипс салынганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

5-сентябрда Бишкектин көчөлөрүнүн биринчи төрт адам пикир келишпестикке барып, экөө катуу сабалган. Эки жарандын эси ооп жыгылган эки жигитти сабап жатышканы көзөмөл видеого тартылып, ал интернетке жайылган.